05.08.2019 09:44

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку башчысы А.Шаиковага издөө жарыяланды

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку башчысы А.Шаиковага издөө жарыяланды

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку башчысы А.Шаиковага издөө жарыяланды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.

Аталган комитет Мамлекеттик каттоо кызматы, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын, КР Каржы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн кызматкерлерине жана башка адамдарга карата жаңы үлгүдөгү паспортторду даярдоодо коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш-ишин тергөөдө.

Бул кылмыш иштин фигуранттарынын бири болгон МКК мурунку башчысы А.Шаикова суракка жана башка тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн жиберилген чакырууга келген эмес.

«Буга байланыштуу Башкы Прокуратура А.Шаиковага карата 319-берене (Коррупция) боюнча кылмышка шектүү деген билдирмесин жөнөтүп, КР Жазык-процесстик кодексинин 239- беренесине ылайык ага издөө жарыяланып, аны ишке ашыруу КР УКМК ыкчам бөлүмүнө тапшырылды. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат», -деп айтылат маалыматта.