13.12.2019 13:02

Матраимовдор ЖМКлардан 60 миллион сом өндүрүү боюнча арыз-доосун кайтарып алды

Матраимовдор ЖМКлардан 60 миллион сом өндүрүү боюнча арыз-доосун кайтарып алды

Бишкектин Свердлов райондук сотуна үч медиага каршы доо арыз жазган Матраимовдордун жактоочусу жаңы арыз бергени кабарланды. Бул тууралуу “Азаттык” үналгысы кабарлайт.

Маалыматка караганда адвокат «Азаттык», «Клооп» жана 24.kg басылмаларынын жана журналист Али Токтакуновдун эсебин камакка коюу тууралуу чечимди жокко чыгарууга арыз берген. Тактап айтканда, арыз банк эсептери жөнүндө болуп жатат. Ал эми негизги доо арыз кала бермекчи. Бул арыз бүгүн, 13-декабрда каралышы мүмкүн. Эгерде сот жактоочунун арызын канааттандырса, чечим он күндүн ичинде күчүнө кирет.

Эске салсак, Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов, анын агасы Искендер жана алардын жубайлары коомдук фонд менен бирге “Азаттык”, “Клооп”, жана 24.kg маалымат агенттиктерин сотко бергендигин күн мурун 12-декабрда билдирип чыккан.

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгон. Аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган.