16.07.2019 16:21

Матраимовдорду колдогондор интернет-фейк болуп чыкты

Матраимовдорду колдогондор интернет-фейк болуп чыкты

Матраимовдордун үй-бүлөсү өздөрүн сүттөн ак кылып көрсөтүш үчүн интернет-боттордун армиясын жалдагандары тастыкталды. Ондогон жалган аккаунттар аркылуу Райым-миллионго акарат айткандарга чабуул жасалып, Матраимовдор коомчулук алдында даңазаланууда.

Атайын иликтөөлөр менен алектенген FactCheck.KG редакциясы социалдык тармактарды изилдеп көрүп, төмөндөгудөй тыянак чыгарды: Матраимовдорду мактаган аккаунттардын 80%дан көбү ойдон чыгарылган фейк адамдар.