18.12.2019 09:30

Матраимовдордун байлыктары тууралуу маалыматты бөлүшкөн маалымат агенттиктерине жапырт чабуул жасалды

Матраимовдордун байлыктары тууралуу маалыматты бөлүшкөн маалымат агенттиктерине жапырт чабуул жасалды

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунованын жана уулунун кымбат баа сааттары, кийим-кече, асем жасалгалары жана автоунаасы тууралуу маалыматтарды таркаткан factcheck.kg сайтына DDoS-чабуул жасалганын күн мурун 17-декабрда аталган сайттын редактору Болот Темиров билдирген эле.

Айтымында серверге Кыргызстандан, Кытайдан, Орусиядан Таиланддан жана Индонезиядан чабуул болгон.

Көп өтпөй иликтөө макаласы менен бөлүшкөн башка дагы бир катар маалымат агенттиктеринин сайттарына чабуул жасалып, кыска мөөнөткө алар иштебей турду.

Алар: kaktus.media, economist.kg, pk.kg жана kloop.kg сайттары. 18-декабрдын таңында да бул сайттар оңою менен ачылган эмес.

Белгилей кетсек, макалада Матраимовдун үй-бүлө мүчөлөрү 2015-2017-жылдары социалдык сайттарга чыгарган сүрөттөрүндөгү буюмдарынын баасы такталып, иликтөөчүлөр алардын жалпы суммасы 24 миллион сомдон кем эмес турат деп баалашкан.

Ошол эле маалда Райымбек Матраимовдун 2015-2016-жылкы декларацияларындагы кирешеси да, чыгашасы да бул суммага жетпейт. Эки жылда Матраимовдун үй-бүлөсү 15,6 млн сом тапканын гана көрсөткөн.

Айрым адистер Кыргызстандын тарыхында бир канча басылмага бир убакта чабуул жасалышы биринчи жолу болуп жатканын айтышат.  

DDoS-чабуул бул - сайтты бузуу үчүн серверге бир эле учурда бир канча жол менен аракет кылуу.