04.06.2019 16:13

Матраимовдордун фонду арам акчаны адалдаштырууга иштейби?

Матраимовдордун фонду арам акчаны адалдаштырууга иштейби?

"Азаттыктын" иликтөөсү Ысмайыл Матраимов атындагы фондуна которулган миллиондордун жүзүн ачканы менен, Искендер Матраимов алардын булагын ачыктоодон баш тарткан.

Деги Кыргызстанда чет өлкөдөн кайрымдуулукка миллиондоп доллар топтогон фонд барбы? Каражатты жылдар бою кашыктап чогулткан бейөкмөт фонддор үчүн бул жомоктой угулса керек. Эксперттердин баамында, кеп кадимки эле акча адалдоо тууралуу болушу мүмкүн.