03.05.2020 15:50

Медиа уюмдар: УКМК сөз эркиндигине каршы демилгеленген мыйзам долбоорун артка чакыртып алышы керек

Медиа уюмдар: УКМК сөз эркиндигине каршы демилгеленген мыйзам долбоорун артка чакыртып алышы керек

Бир катар көз карандысыз журналисттер, эл аралык медиа уюмдары Дүйнөлүк сөз эркиндигинин күнүндө билдирүү таратышты. Бул тууралуу “Азаттык” үналгысы жазып чыкты.

Билдирүүдө пандемия шартында Кыргызстанда көз карандысыз маалымат каражаттарынын ишине чектөө киргизилгени, улам коюлган талаптардан кийин гана аларга аз-аздан иштөөгө уруксат берилгени айтылган. Авторлор Кыргызстан бийлигин эркин маалымат каражаттарынын ишине бут тосуучу мыйзам долбоорун чакыртып алууга үндөштү.

"Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) уюмдарды жана макалаларды экстремисттик жана террордук деп таануу тууралуу мыйзам долбоорун демилгелеген. Бул мыйзам кабыл алынса, жалпы коомчулук аны бийликтин өзүнө ыңгайсыз маалымат каражаттарын жок кылуу максатында атайын иштеп чыккан куралы катары кабыл алат", - деп жазылган билдирүүдө.

Билдирүүдө акыркы убактарда социалдык тармактардын колдонуучуларын тартип сактоо органдары "түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында" чакырган учурлар көбөйүп кеткени тууралуу да айтылган. Билдирүү ээлери Кыргызстандын Конституциясы ар бир жаранга эркин ойлонууга жана пикирин эркин айтууга укук бергенин белгилеп, бул демократиялык коомчулуктун бирден бир кепилдиги болорун, бийлик сөз эркиндигине ыксыз киришүүдөн алыс болушу керектигин эскертишкен.

Билдирүүдө бийликтин, күч органдарынын сөз эркиндигин чектөө аракеттери Кыргызстандын демократияны калыптандыруу боюнча эл аралык милдеттенмелерине да каршы келери айтылган.