Менчик лаборатория коронавируска тест алып баштайт. Баасы канча болот?

Менчик лаборатория коронавируска тест алып баштайт. Баасы канча болот?

Кыргызстанда жакында жеке менчик лабораторияда коронавируска тест тапшырууга мүмкүн болот.  Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди. Анын айтымында  "Бонецкий" лаборатория тармагы республикалык борбор менен биргеликте коронавируска ПЦР тесттерди ала баштайт.

"Менчик лабораторияда вируска тест тапшыруунун орточо баасы 2 миң сомдон жогору болот", - деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек,  бүгүн, 21-апрелге карата коронавирус жуктурган 22 жаңы учур катталып, илдетке кабылгандардын саны 590 адамга жетти. Жалпы  216 адам коронавирустан сакайып чыкты, 7 адам көз жумган.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.