23.05.2018 10:15

Мэрия жарандарды бак-дарактарга көрнөк-жарнак илбөөгө чакырат

Мэрия жарандарды бак-дарактарга көрнөк-жарнак илбөөгө чакырат

Бишкекте тиешелүү уруксаат кагазын албай туруп, көрнөк-жарнактарды ар кай жерге иле берген учурлар көбөйдү. Мындан улам, калаадагы Жерди иштетүү жана курулуш башкармалыгы тарабынан борбор көчөлөрүн мыйзамсыз  илинген жарнама такталарынан арылтуу иштери жүрүп жатат. Бул туурасында  калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Бул жылдын башынан бери жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында 769 көрнөк-жарнак алынып салынды.

Мыйзам ар түрдүү маалыматты камтыган такталарды бактарга же жашыл көчөттөргө илгенге жол бербейт.

Жерди иштетүү жана курулуш башкармалыгы жарандарды административдик жоопкерчиликке тартылбоо үчүн өз билемдик менен орнотуп койгон объектилерин тез арада өз эрктери менен алып коюуга чакырат.