31.01.2020 14:59

Мигранттардын балдары: Зомбулуктун алдын алуу боюнча жаңы тартиптер киргизилди

Мигранттардын балдары: Зомбулуктун алдын алуу боюнча жаңы тартиптер киргизилди

Балдарга карата зордук-зомбулуктар катталып жатканына байланыштуу, өкмөт жергиликтүү мамлекеттик администрация жетекчилерине балдарга карата катаал мамилени жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча райондук штабдардын ишин күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Райондук штабдарга мигранттардын балдары тарбияланып жаткан үй-бүлөлөргө мониторинг жүргүзүү максатында кожолуктарды кыдыруу, балдарга карата физикалык жана психологиялык жактан зомбулук жасоого, катаал мамиле кылууга жол бербөө тууралуу калкка маалымат жеткирүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Эгерде кайдыгер эмес жарандар зомбулуктун ар кандай түрлөрүнүн күбөсү болуп же мындай мүнөздөгү маалыматка ээ болушса, 111 «ишеним телефонуна» чалып же укук коргоо органдарына кайрыла алышат.

Эске салсак, 27-январда туугандарынын колунда багылып жаткан бала ооруканага чарчап калгандан кийин жеткирилген. Андан мурдараак, 15-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө ур-токмоктон 11 айлык наристе чарчап калган.