04.12.2019 16:30

Мира Джангарачева: Кыргызстан кооптуу кырдаалга кептелди

Мира Джангарачева: Кыргызстан кооптуу кырдаалга кептелди

Бийликтин бейкапарлыгы Кыргызстанды кандай келечекке түртөт. Өзүнүн курч сындары менен чуулгандуу көргөзмөдөн кийин жумуштан кеткен Мира Джангарачева бөлүштү. TV1.KG телеканалынын «Вечер трудного дня» программасына чакырылган Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм өнөр музейинин мурунку директору Кыргызстан кооптуу кырдаалга кептелгенин билдирди.

«Ажырым башталганы кооптондурууда. Мындан ары либералдуу саясат болбойт. Мен жумуштан кеттим, суйлөгөнгө акым бар. Андыктан саясатчы катары айтам. Мурун мен мамлекеттик кызматкер болуп унчуккан эмесмин, баарын мактачумун, бүгүн болсо оюм мындай: “Биздин ыр түгөндү, тынч жашоо бүттү, чоң көйгөйлөр каптап келатат”.

Эгер дагы деле үн катпасак, коргобосок, эртең биздин 12-13 жашар кыздарыбызды көчөдөн кармап алып, ачык көйнөгү үчүн кол көтөрө башташат, бутун көрсөткөнү үчүн бутка чаап, атып, эртеңки күнү балдарды зордуктап, өлтүрүп жатса дагы эч ким көңүл бөлбөй калат. Эртең алар парламентке келишет, такыр башка конвенцияларды бекитишип, өзүлөрү каалаган мыйзамдар менен жашай башташат».

Эске салсак, мурдараак Мира Жангарачева музейдин директорлугунан өз каалоосу менен кетем деп арыз жазган. Мындай чечимге Феминнале көргөзмөсүнүн айынан жаралган жаңжал себеп болгон. Айтымында музейдин кызматкерлерин жана Феминнале көргөзмөсүнүн уюштуруучуларын “Кырк-Чоронун” коркутуп-үркүтүүлөрүнөн сакташ үчүн кызматынан өз ыктыяры менен кеткен.