04.06.2018 10:54

Мыйзамсыз тендер өткөрүү менен мамлекетке 2 млн сомго жакын зыян келтирилген учур аныкталды

Мыйзамсыз тендер өткөрүү менен мамлекетке 2 млн сомго жакын зыян келтирилген учур аныкталды

Башкы прокуратура өлкөнүн энергетика жаатында коррупцияга каршы мыйзамдардын сакталышына көзөмөл жүргүздү. Текшерүү ишинин жыйынтыгында, «Э.С.» ААК тарабынан тендер өткөрүү мыйзамын бузуу фактысы боюнча 189-берене («Ачык соода-сатыктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу») жана 221-берене («Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы») менен кылмыш иши козголду. Бул туурасында башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти. 

«Э.С.» ишканасы Күрпсай ГЭСиндеги кабелдик ноолорду жаңылоо иштерин жүргүзүү үчүн тендер жарыялаган. Конкурстун жыйынтыгы менен эң көп акча каражатын –17 млн 199 миң сом  сунуш кылган «Н» аттуу ишкана утуп кеткен. Башка арзан баа сунуш кылган катышуучулардын арыздары четке кагылган. Алардын бири – 14 млн 828 миң сом сунуш кылган «И» ЖЧКсы Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин көз карандысыз ведомство аралык комиссиясына абалды түшүндүрүп, арыз менен кайрылган. 

2016-жылдын 27-июнунда «Э.С.» ААК жогоруда аталган «Н» ишканасы менен  16 млн.604 миң сомго келишим түзүп, мамлекетке 1 млн. 775 миң сом зыян алып келген. 

Кылмыш иши андан ары тергөө үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.