27.06.2018 09:30

Молдовановкадагы №1 түзөтүү мекемесине баңгизат киргизүүгө аракет кылган жаран кармалды

Молдовановкадагы №1 түзөтүү мекемесине баңгизат киргизүүгө аракет кылган жаран кармалды

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Молдовановка айылында жайгашкан №1 мекемесинин аймагына түндө гашиш ыргытып кеткен жаран кармалды. Бул туурасында ЖАМКтын маалымат кызматынан билдиришти.

27-июнга караган түнү болжол менен саат 4:28дерде абак  аймагына белгисиз адам баңгизатын таштаган. Окуя болгон жерден ак түстөгү желим баштык алынган.  Анын ичинде 23.68 грамм гашиш бар экени аныкталды.

Бул факт боюнча ЖАМКтын Тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси менен кылмыш иши козголду.

Тергөө  иштерин жүргүзүүдө мурда соттолгон, 1979-жылкы А.Т.З. аттуу жаран кармалды. Ага 247-берене менен кылмыш иши ачылып, Бишкек шаарындагы №1-Тергөө изоляторуна камакка алынды. 

Учурда бул ишке башкалардын да катыштыгы иликтенүүдө.