21.04.2020 15:42

Москвада баласын аёосуз сабаган кыргызстандык киши камакка алынды

Москвада баласын аёосуз сабаган кыргызстандык киши камакка алынды

Баласын ур-токмокко алган ата тергөө комитети тарабынан Россиянын кылмыш-жаза кодексинин “уруп-согуу кыйноо” жана “жашы жете электи тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбоо” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду. Соттун чечими менен шектүү 2 айга камакка алынды.

Белгилей кетсек, мындан үч күн мурун, 17-апрелде социалдык тармактарда атасы баласын аёосуз сабап жаткан видео тараган. Ал коомчулукта чоң талкууну жараткан болчу. Көп өтпөй милиция тасмадагы кишинин өздүгүн аныктаган. Ал Ала-Бука районунун 35 жаштагы Эмилбек Жунусов аттуу тургуну экендиги такталган. Ал үй-бүлөсү менен кошо 2019-жылы 16-октябрында Россия Федерациясына учуп кетишкендиги жана учурда Москва шаарында жашап жаткандыгы маалым болгон.

Кийинчерээк, тестиер баланын жакындары окуяны четке каккан башка тасма пайда болгон. Алар тестиерди эч ким ур-тепкиге алышпаганын айтышып, күнөлүүлөрдү издөөнүн кажети жок экендигин билдиришкен. Тиешелүү тасма жергиликтүү басылмаларда пайда болгон.

Акыры атасы баласынан кечирим сураган дагы бир тасма чыккан.

Ал эми  Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү тарабынан Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча Кылмыш иликтөө башкармалыгына, аймактык бөлүмдөрүнө жогоруда көрсөтүлгөн жаранга карата РФдин мыйзамына ылайык чара көрүү боюнча кат жөнөтүлүп, Россиянын ИИМдин Москва шаарынын Кунцево району боюнча бөлүмүнө аталган факты катталган.