05.12.2019 12:33

Москвада дээрлик 500гө жакын Кыргызстандыктан ВИЧ аныкталган

Москвада дээрлик 500гө жакын Кыргызстандыктан ВИЧ аныкталган

Кыргызстанга чет өлкөдөн келген студенттерди чек арадан өтөөрдө ден соолугун текшерүү керек. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаев билдирди.

Бүгүн, 5-декабрда парламенттин жыйынында депутаттын билдиргенине караганда, Москвада ооруканада иштөөнү каалаган кыргызстандыктардын ичинен 480 кишиден ВИЧ аныкталган.

- Ал 480 адам кайра Кыргызстанга кайтып келди да. Мындай маселе Тажикстан, Өзбекстанда да бар. Алар аэропортторго лаборатория орнотуп, мекенине кайра кайтып келген мигранттарды текшерип жатышат. Биз да чет жакта жүргөн мигранттарыбызга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аэропортко лаборатория коюшубуз керек. Ошондой эле Индиядан, Пакистандан Кыргызстанга келип жаткан студенттерди да текшерип киргизүүнү милдеттендиришибиз зарыл.

Республикалык СПИД бирикмесинин быйыл 1-ноябрдагы маалыматына караганда, Кыргызстанда ВИЧ жугузуп алгандардын расмий саны 9516 адам. Алардын 2013ү каза болгон.

Дарт жуккандардын 8994ү кыргызстандыктар, 522си чет элдиктер.

ВИЧке кабылгандардын 64% эркектер, 36% аялдар. 14 жашка чейинкилер 7,5%.

Ооруга чалдыккандардын 47% корголбогон жыныстык катыш учурунда, 45% баңгизатты ийне менен сайынуу жана медициналык жабдуу аркылуу жуктурган.

2,8% энеден балага өтсө, 4,8% так аныктала элек.