06.07.2018 09:09

Мухаммедкалый Абылгазиев эки күндүк жумушчу сапары менен Ысык-Көл облусуна барат

Мухаммедкалый Абылгазиев эки күндүк жумушчу сапары менен Ысык-Көл облусуна барат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эки күндүк жумушчу сапары менен Ысык-Көл облусуна барат. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалыматтык  камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Мухаммедкалый Абылгазиев 6-7-июлдагы жумушчу сапарынын жүрүшүндө аймактын объектилеринин Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдыгын текшерип, «Балыкчы-Корумду» унаа жолунун, Ысык-Көл районундагы альтернативалык «Семеновка-Григорьевка» унаа жолунун курулушун карап чыгат жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун ишмердиги менен таанышат.

Муну менен бирге Премьер-министр 2018-жылдагы жайкы туристтик мезгилди уюштуруу боюнча көчмө жумушчу кеңешме жана Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында иш-чараларды ишке ашыруу боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрөт.

Ошондой эле Мухаммедкалый Абылгазиев Ак-Суу районундагы дыйкан чарбанын ишмердиги, Каракол шаарынын ички жолдорунун жана Тоң районунун Дөң-Талаа айылындагы орто мектептин абалы менен таанышып, ошондой эле Жети-Өгүз районунун дыйкандары менен жолугушмакчы.