17.04.2018 16:40

МУКК: Бишкек шаарында «пранкер» колго түшүрүлдү

16-апрелде УКМК тарабынан 1984-жылы төрөлгөн Э.Д. аттуу кыргыз жараны кармалды. Ал өзүн президент аппаратынын жетекчиси катары тааныштырып,  телефон аркылуу мамлекеттик жогорку кызматта отургандарга чалганы аныкталды.

Э.Д. үстүбүздөгү жылдын 12-апрелинде Ысык-Көл облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана Ысык-Көлдү өнүктүрүү корун башкаруу дирекциясынын жетекчисине чалган.

Бийлик өкүлдөрү менен телефондук сүйлөшүүдө Э.Д. аларды кызматтан алуу менен коркутуп, Ысык-Көлдү өнүктүрүү корун башкаруу дирекциясынын жетекчисинин мурдагы орун басарын кайра кызматка алууну буюрган.

Ал өз кезегинде аталган фонддон акча каражатын кымырып алуу фактысы боюнча шектелип жаткан.