28.05.2018 10:15

Мурда соттолгон адам 60 миң сомдук уюлдук телефон уурдап кайра колго түштү

Мурда соттолгон адам 60 миң сомдук уюлдук телефон  уурдап кайра колго түштү

Бишкек шаарынын кафелеринин биринде 60 миң сомдук уюлдук телефонду уурдап кеткен адам  кармалды. Бул туурасында Бишкек шаарынын ИИББнын маалымат кызматынан билдиришти. 

Окуя 17-март күнү саат 18:40 чамасында болгон. «SAMSUNG GALAXY S-7 edje» үлгүсүндөгү уюлдук телефонду «кымырып кеткен»  азият улутундагы адам экени айтылат. 

Бул факт боюнча Ленин районунун ИИБна арыз түшүп, 164-берене менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, мурда соттолгон С.Т. аттуу жаран кармалды. 

Ленин райондук сотунун өкүмү менен 2 айга камакка алынды. Тергөө уланууда.