22.04.2020 09:00

Новосибирсктеги кыргызстандыктарды алып келүү макулдашылды

Новосибирсктеги кыргызстандыктарды алып келүү макулдашылды

КР тышкы иштер министрлиги  Новосибирск-Бишкек каттамы боюнча буга чейин авиабилеттерди сатып алган Кыргызстандын жарандарын алып келүү маселесин макулдашканын кабарлады. Маалыматка караганда жарандар бүгүн, 22-апрелде кайтып келет. Кыргызстан ошол учак каттамы менен  Новосибирск шаарындагы мекендештерди алып келүү тууралуу макулдашуу жүргөн.

Белгилей кетсек, мекенине кайта албай тургандар бир канча күндөн бери бийликтегилерге кайрылуу жасап, жардам сурап жатышат. КР өкмөтүнүн маалыматына караганда Новосибирсктен бери карай бир каттам 30 миң $ турат. Ал эми  Новосибирск шаарында Кыргызстандын 200дөй жараны кете албай турушат. Бир канча күн бою алар аэропортто жашашты.

2 апрелде КР миграция кызматынын өкүлчүлүгү менен Новосибирск облусундагы кыргыз диаспорасы кыргызстандыктарды хостелге жайгаштырган. Мейманкана акысы 20-апрелге чейин эле төлөнгөнү айтылган.