21.04.2020 16:50

Новосибирсктен Бишкекке келе турган аба каттамы кайра токтотулду. Себеби түшүнүксүз

Новосибирсктен Бишкекке келе турган  аба каттамы кайра токтотулду. Себеби түшүнүксүз

21-апрелде Новосибирск шаарынан Бишкекке карай сапар тартчу каттам токтотулду. Бул туурасында Ирина Степкичева билдиргенин  24.kg жазып чыкты.

Анын айтымында, Новосибирсктеги Кыргызстандын Башкы консулдугу да  “Толмачев” аба майданынын жетекчилиги да, S7 авиакомпаниядан да эч кандай түшүндүрмө беришкен эмес.

«Биз эмне болуп жатканын түшүнбөй жатабыз. Эч ким бизге эч нерсе айтпай жатат. Эмне болору да белгисиз.  30-апрелден кийин үйгө кайтып барарыбызга ишеним жок. Элдер үмүтсүз калды: Бишкекке биздин жарандар Түркиядан учуп келишти, Азиянын түштүк- чыгышынан учуп келген кыргызстандыктар түшкөн Усть-Каменогорсдан чыккан автобус жетти. Екатеринбург, Москвадан кайтып жатышат. Эмне себептен бизди кармап жатышат- белгисиз. Биздин өкмөткө, жеке биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго, президенттин бир тууганы Асылбек Жээнбековго бир канча жолу кайрылганыбыз менен жооп келген жок.  Бийлик  "Росавиа" учууга жол бербей жатканына ишендирип келет. Бирок бул уюмдун жетекчилиги тескерисинче - Бишкек  макул болбой жатканын айтууда.  Биз кимге ишенишибиз керек? » -деп  Ирина Степкичева суроо салат.

 

КР өкмөтүнүн маалыматына караганда Новосибирсктен бери карай бир каттам 30 миң $ турат.

Белгилей кетсек, Новосибирск шаарында Кыргызстандын 200дөй жараны кете албай турушат. Бир канча күн бою алар аэропортто жашашты. Төрт аптадан бери өкмөткө кайрылып, чара көрүүнү өтүнүшүүдө.

2- апрелде КР миграция кызматынын өкүлчүлүгү менен Новосибирск облусундагы кыргыз диаспорасы кыргызстандыктарды хостелге жайгаштырган. Мейманкана акысы 20-апрелге чейин эле төлөнгөн, элдер андан ары эмне кылаары белгисиз.