05.10.2018 08:30

Нурбек Токтакунов: УКМК Сапар Исаковдун кайын-журтунун үйлөрүн конфискациялоону көздөөдө

Нурбек Токтакунов: УКМК Сапар Исаковдун кайын-журтунун үйлөрүн конфискациялоону көздөөдө

«УКМК Сапар Исаковдун оффшордогу компаниясын, банктагы  жашыруун эсептерин, катылган алтындарын таппай койду, анткени, Исаковдо алар болгон эмес. Эми эптеп бир илинчээк таап, элге «көрсө, жеген акчалары бул жакта экен» деш үчүн анын кайын-журтунун үй-мүлкүн текшерип, мамлекеттин эсебине алып коймой болушту», -деп жазып чыкты мурунку премьер-министрдин жактоочусу Нурбек Токтакунов өзүнүн Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында.

Айтымында, УКМК кызматкерлери текшерип, баасын коюп, конфискация кылабыз деп жаткан үйлөр Сапар Исаковдун кайын-журтунун өз мээнети, маңдай тери менен жеткен үйлөрү.

«Алар азыр Малика Арстанбекова (Сапар Исаковдун жубайы-ред.)  4 баласы менен жашап жаткан батирди жана Маликанын ата-энесинин  үйүн баалаганы жатышыптыр. Бул үчүн УКМК кызматкерлери соттон санкция да алышыптыр. Бирок, конфискациялоо максатында үйдү баалоодон мурун, сотко ал үйлөр мыйзамдуу ээлери тарабынан сатылып алынбаганы боюнча кандайдыр-бир далил келтириш керек да», -дейт Токтакунов.

Жактоочунун айтымында, учурда Исаковдун жубайы менен балдары жашап жаткан батир 2007-жылы үлүштүк курулушка катышуу менен алынып, 2012-жылы төлөнүп бүткөн. Жер үйдү болсо, Маликанын атасы 2015-жылы бир бөлмөлүү батирин жана жер тилкесин берип, алмашып алган экен. 

«Муну тастыктаган бардык документтер бар. Белгилей кетсек, Сапар Исаковдун кайнатасы иштерман адам, кызы Сапарга жолуга электе эле Казакстанда азык-түлүктү дүңүнөн сатып иштеп, бутуна турган. Бирок, сот УКМК кызматкерлеринин «турак жайлар Сапар Исаков тарабынан сатылып алынган» деген эч далили жок жоромолдоруна канааттанып, үйүн баалоого уруксаат бериптир», -деп билдирет Нурбек Токтакунов. 

Эскерте кетсек, Сапар Исаковдун УКМКнын тергөө абагында отурганына бүгүн, 5-октябрда 4 ай болду. Мурунку премьер-министрге «2013-жылы президент аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо»  долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланган. Ал адамдардын бир тобу менен алдын ала белгиленген иш аракеттерди кылуу аркылуу, подрядчикти тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Натыйжада мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирген», — деген айып тагылууда.