07.02.2020 09:00

Ош базарында кайрадан өрт чыкты

Ош базарында кайрадан өрт чыкты

Бишкектин Ош базарында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Баштапкы маалымат боюнча өрт таңкы саат 4төр чамасында башталып, саат 07:52де тилсиз жоо өчүрүлгөн. Ага өрт өчүрүү кызматынын 5 унаасы тартылган.

Маалыматка караганда, өрт Киев жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде чыккан. Болжолдуу себеби – өчүрүлбөй калган электр жылыткычы.

Жабыр тарткандар жок. Учурда ИИМ кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө.