06.07.2018 10:29

Ош шаарында чыккан өрттөн 2 үйдүн чатыры күйүп кетти

Ош шаарында чыккан өрттөн  2 үйдүн чатыры күйүп кетти

Ош шаарынын Туран кичи районунда 2018-жылдын 5-июлунда саат 17:45те Прибрежная көчөсүндөгү №30 жана №32 турак үйлөрдөн өрт чыккан. Бактыга жараша жабыркагандар жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун КБП (ППУ) менен ыкчам тобу, штаб, Ош шаардык №109 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, Ош шаардык №12 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм жана Ош шаардык №13 Аскерлештирилген өрт –куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм барган.

Ошондой эле, РИИБнен 5 кызматкер, тез жардам кызматынан 1 бригада жана РЭТинен 1 бригада тартылган. Жалпы КР ӨКМнен 4 өчүрүүчү техника тартылган. 

Тартылган күчтөрдүн жардамында, өрт саат 18:29да чектөөгө алынып, саат 19:45те толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен турак үйлөрдүн 410 чарчы метр чатырлары күйгөн. Материалдык чыгым жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.