15.08.2018 14:47

Оңдолуп бүткөндөн кийин ЖЭБдин сметасына миллиондогон тендер жарыяланды

Жылуулук берүү мезгилине аз убакыт калып бара жатат. Быйыл кышта үшүп калбай, болгон кемчиликтерди толукташ үчүн жетиштүү убакыт өттү окшойт. Эсиңиздерде болсо, өткөн кышта Бишкек ЖЭБинин цехтеринин биринин терезелерине айнек салууга каражат табылбай, жумушчулар 20 градустук суукта иштеген эле. Ошондо акча жагынан кыйналган “Электр Станциялары” быйыл 12 миллиард сомго жакын акчага тендер жарыялаган. Тендерди уткан “Энергопроект” ишканасы Бишкек ЖЭБинин модернизациясы боюнча сметалык документтерди даярдоого тийиш.

Модернизациясы эбак бүтүп, курулуш нормалары жана сапаты текшерилип, Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү тарабынан кабыл алынган ЖЭБдин сметалык документтери кайрадан эмнеге жасалып, кимге керек болуп жатат? Бул суроонун жообун кабарчыбыз билип келди.