22.05.2020 10:59

Памирлик кыргыздар үчүн 7 үйдүн курулуш иштери башталды

Памирлик кыргыздар үчүн 7 үйдүн курулуш иштери башталды

Афганистандан келген памирлик кыргыздар үчүн үйлөрдүн курулушу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка караганда, курулуш иштери Ош облусунун Алай районунун Талды-Суу айылында жүрүп жатат. Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда турак жай үчүн казынадан 10 миллион сом каражат бөлүнгөн.

Өткөн жылдын аягында Ооганстандан он үй-бүлө өз демилгеси менен көчүп келишкен. Алар Сары-Могол айылындагы эски мектептин имаратына жайгаштырылган. Жергиликтүү бийлик боордошторду тамак-аш, отун менен камсыз кылып жатат.

.