10.05.2020 16:01

Премьер-министр: Коменданттык саат болбойт, бирок блок-посттор калат

Премьер-министр: Коменданттык саат болбойт, бирок блок-посттор калат

Айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал режими 10-май 24.00до аяктайт, коменданттык саат жокко чыгарылат. Ал эми 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими улана берет.  Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими улана берет. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт.

Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районун Каныш-Кыя айыл аймагында эпидемиологиялык кырдаалдын оордугуна байланыштуу карантин киргизилет.

Министрлер кабинетинин башчысы жакында «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» жана «Жарандык коргоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилгенин белгиледи.

Мыйзамга ылайык, эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы атайын комиссиялардын сунушу менен карантинди киргизүү же алып таштоо боюнча чечимди Өкмөт, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик райондук администрациялардын башчылары, мэрлер, жеке менчик түрүнө карабастан уюмдардын жана ишканалардын жетекчилери кабыл алууга укуктуу болуп саналышат.

Буга ылайык, премьер-министр жергиликтүү бийлик органдарына жогорудагы атайын комиссиялардын ишин активдештирүүнү тапшырды.

«Айрым райондордо эпидемиологиялык абал начарлаган шартта комиссиянын сунушу менен карантиндик режимди киргизүү боюнча чаралар көрүлөт», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан тышкары Өкмөттүн токтому менен карантиндик чараларды киргизүү жана аны ишке ашыруу тартиби бекитилди. Документке ылайык, эпидемиялык очок толук курчоого алынып, посттор орнотулат жана кайгуул кызматтары иштейт.

Премьер-министр кыргызстандыктарды өздөрүнүн жана жакындарынын саламаттыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого, аралыкты карманууга чакырды.