24.05.2018 13:00

Президент берген убадалардын канчасы аткарылды?

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка келгенине туура жарым жыл болду. 24 ноябрда ал өлкө башчынын ыйгарым укуктарына толук кандуу ээ болгон. Алты ай аз убакыт, бирок алгачкы жыйынтыктарды чыгарганга жетиштүү дешет саясий талдоочулар. Сооронбай Жээнбековдун ишине бир гана коомдук ишмерлер, серепчилер жана кабарчылар эмес, эл да көз чаптырууда. Алардын арасында April.kg дагы президенттин алты айда берген убадалары менен аткарган ишине саресеп салды.