18.09.2018 15:13

Президент Кыргызстанга келген Наина Ельцина менен жолукту

Президент Кыргызстанга келген Наина Ельцина менен жолукту

Кыргыз-Россия Славян университетинин 25 жылдык юбилейине карата Кыргызстанга Россия Федерациясынын экс-биринчи айымы, Б. Н. Ельцин атындагы Президенттик борбордун камкорчулар кеңешинин мүчөсү Наина Ельцина келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. 

Сооронбай Жээнбеков Наина Иосифовна менен жолугушуп, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган интеллектуалдардын Эл аралык Ысык-Көл форумуна катышууга чакырды.

Наина Ельцина президентке жылуу кабыл алгандыгы жана чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирди. КРСУ эки тараптуу кызматташуунун эң ийгиликтүү долбоору катары эки өлкөнүн элдеринин жакшы салттарын улайт деген ишенимин билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Наина Ельцинага Чыңгыз Айтматовдун чыгармалырынын жыйнагын тартуу кылды.