27.09.2018 16:37

Президент Коопсуздук Кеңешине Кылычбек Султандын жана ТИМдин билдирүүлөрүн изилдөөнү тапшырды

Президент Коопсуздук Кеңешине Кылычбек Султандын жана ТИМдин билдирүүлөрүн изилдөөнү тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук Кеңешине Кыргызстандын Кореядагы Элчисинин жана Тышкы иштер министрлигинин билдирүүлөрүндө айтылган кырдаалды изилдөө боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына Кыргызстандын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин билдирүүлөрүндө жана Элчини бир катар себептер менен, анын ичинде ал тараптан кеткен катачылыктарга байланыштуу кызматынан бошотуу тууралуу Тышкы иштер министрлигинин сунушунда келтирилген фактыларды терең талдоону тапшырды.

Элчинин, кийинчерээк ТИМдин билдирүүлөрүнөн кийин түзүлгөн кырдаал дипломатиялык кызматта гана эмес, жалпы эле мамлекеттик кызматтын тутумунда бир катар маселелерди аныктагандыктан, Президент Коопсуздук Кеңешинин катчылыгынан ар бир фактыны жана жүйөөнү обьективдүү талдап чыгып, бул ишке тиешелүү компетенттүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн тартууну талап кылды. Текшерүүнүн жыйынтыктары жана сунуштар Мамлекет башчысына берилет