08.08.2018 14:28

Президент мекендеш инвесторлор менен туруктуу мүнөздө иштей турган кеӊеш түзөт

Президент мекендеш инвесторлор менен туруктуу мүнөздө иштей турган кеӊеш түзөт

Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  мекендеш инвесторлор менен туруктуу мүнөздө иштей турган Кеӊеш түзөт. Бул тууралуу Мамлекет башчысы бүгүн, 8-августта Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан «Мекендештер» форумунда билдирди.

Мекендештерге кайрылып, Президент Сооронбай Жээнбеков «Сиздер азыр Кыргызстандын өнүгүүсүнө өбөлгө болуучу мыкты сапаттарга ээ болуп калдыӊыздар»,- деп белгиледи.

«Чоң ийгиликтерге жеткен, ири инвестициялык долбоорлорго каражат салсак, инвестицияларды тартып келсек деген мекендештерибиз бар.  Алар өздөрү жашап-иштеген өлкөлөрдөн көргөн, үйрөнгөн көптөгөн жакшы иштерди Кыргызстанга алып келип, алар өлкөбүздүн өнүгүшүнө кызмат кылышууда.

Мекенчил замандаштарыбызга бирдиктүү платформа, бириктирүүчү аянт керек. Мамлекет менен чогуу иштөө үчүн, мекендеш инвесторлор менен туруктуу мүнөздө иштей турган кеӊеш түзсөк, максатка ылайыктуу болот. Бул кеӊешти Президентке караштуу кылып түзсөм деген оюм бар», — деп билдирип, Сооронбай Жээнбеков мекендештерге мамлекет тарабынан ар дайым колдоо көрсөтүлөөрүн баса белгиледи.

«Сиздердин артыӊарда калдайган элиӊер, кызыкчылыгынарды коргогон мамлекетиӊер, ишенимдүү тылыӊар бар», — деп баса белгиледи Жээнбеков.