23.10.2018 16:11

Президент менен айыл чарба министри картошканы талкуулашты

Президент менен айыл чарба министри картошканы талкуулашты

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-октябрда өлкөнүн айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевди кабыл алды, деп билдирет өлкө башчынын маалымат кызматы.

Министр президентке быйыл картошка арзан болуп жатканын маалымдады. Мисалы, былтыр картошканын баасы 8-10 сом болгон, быйыл 5-7 сомдон сатылууда. 

«Рыноктун анализи жүргүзүлгөн, жылына октябрь айында башка айларга караганда картошкага болгон баа төмөнүрөөк. Ноябрдын ортосунан баштап, баалар көтөрүлөт деп божомолдоп жатабыз. Учурда картошканы жана башка продукцияны экспорт кылуу боюнча Өзбекстан, Россия, Казакстан, Тажикстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деп билдирди Нурбек Мурашев.

Анын айтымында, 2017-жылы картошка 83 миң 200 гектарга айдалган, быйыл 84 миң 500 гектарга айдалды, түшүмдүн жалпы көлөмү 1,5 млн тоннаны түздү, ал эми ички керектөө болсо 800-900 тоннаны түзөт. 600 миң тонна картошка экспортко кетет. Бүгүнкү күндө толук көлөмдө төө буурчак жана пахта буласы экспорттолуп жатат.

Мамлекет башчысы рыноктун баасын алдын ала билүү, айыл чарба продукциясын сатуу боюнча жетишсиз жумушту сынга алды жана айыл чарба продукциясын экспорттоо кайра иштетүү менен биргеликте дыйкандардын эмгегин колдоого жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө багытталган эң маанилүү чаралардын бири экенин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн агрардык тармагынын продукциясын экспорт кылуу Айыл чарба министрлигинин ишмердигинин  артыкчылыктуу багыты болушу керектигин дагы бир жолу белгиледи.