01.10.2018 15:09

Президент менен премьер пенсияны жана медиктердин айлыгын көтөрүүнү талкуулашты

Президент менен премьер пенсияны жана медиктердин айлыгын көтөрүүнү талкуулашты

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев пенсияларды  жана медиктердин айрым категорияларына  айлыктарды  жогорулатуу маселелерин талкуулашты, деп билдирет өлкө башчынын маалымат кызматы.

Премьер-министр  Президентке үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тартып пландаштырылган пенсияны жогорулатууга даярдык тууралуу маалымат берди.

«Индексациядан кийин орточо пенсиянын өлчөмү 378 сомго көбөйүп, 5682 сомду түзөт. Ошол эле учурда пенсиянын өлчөмүнө жана төлөгөн камсыздандыруу акыларына  жараша пенсиянын  камсыздандырылган бөлүгү 7,1%дан 18 пайызга чейин көбөйөт. Башкача айтканда пенсиянын камсыздандырылган бөлүгү орточо эсеп менен 10,4% өсөт», -деп айтылат маалыматта.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ошону менен катар 2018-жылдын 1-октябрынан тартып  стимулдаштырылган төлөмдөрдүн эсебинен үй-бүлөлүк дарыгерлердин, жалпы практикадагы дарыгерлердин, үй-бүлөлүк медициналык айымдардын жана фельдшердик-акушердик пункттардын орто медициналык кызматкерлеринин айлык акылары жогорулатылат деп маалымдады.

Медициналык кызматкерлердин айлыктарын жогорулатууга каражат республикалык бюджеттин эсебинен 2018-жылдын 1-октябрынан тартып каралды.