24.10.2018 10:40

Президент Нарындагы УКМК жана ӨКМ кызматкерлерине батирдин ачкычын тапшырат

Президент Нарындагы УКМК жана ӨКМ кызматкерлерине батирдин ачкычын тапшырат

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына болгон иш сапарларын улантууда. Бүгүн, 24-октябрда Мамлекет башчысы Кыргызстандын Нарын облусуна барат. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Президент Сооронбай Жээнбеков Нарын районунун жана Нарын шаарынын жашоочулары менен жолугушат.

Мамлекет башчысы социалдык объектилерге барат, Президенттин катышуусу менен КР УКМК жана ӨКМдин кызматкерлери үчүн курулган жаңы үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу аземи болуп өтөт.