16.08.2018 14:47

Президент ОшМУнун искусство факультетинин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты

Президент ОшМУнун искусство факультетинин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты

Президент Сооронбай Жээнбеков  бүгүн, 16-августта Ош облусуна иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Бул туурасында өлкө президентинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Президент жогорку окуу жайлардын рейтингин аныктаган Эл аралык көз карандысыз аккредитация жана рейтинг уюмунун изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен Ош университети Кыргызстанда биринчи жолу эң мыкты жогорку окуу жайы деп табылышы менен куттуктады

Президент университет билим берүүнүн дүйнөлүк интеграциясына батыл киришип жаткандыгын канааттануу менен белгиледи. Акыркы үч жылдын аралыгында университет өз күчү менен 7 млн. доллар инвестиция тартып, материалдык-техникалык базасын чыңдаган.

Ошону менен катар 12 жаңы окуу корпусунун имаратын ички каражаттардын эсебинен кургандыгы өлкөдөгү башка жогорку жайларына үлгү болорлук иш болду.

Өлкөнү өнүктүрүү тууралуу сөз кылып келип, Президент Сооронбай Жээнбеков жакында эле өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйыны өткөрүлгөнүн, анда Кыргызстанды узак мөөнөткө өнүктүрүүнүн Стратегиясы кабыл алынганын белгиледи. Бул маанилүү мамлекеттик документте билим чөйрөсүнө өзгөчө көӊүл бурулду.

»Адам потенциалын өстүрүү, сапаттуу билим берүү жана ден-соолукту чыӊдоо — мамлекеттик саясаттагы эӊ жогорку артыкчылык катары аныкталды. Бул чөйрөлөр реформаларга муктаж. Реформаны билим сапатын көтөрүүдөн баштоо зарыл. Экономиканы өнүктүрүү биринчи кезекте билимдин сапатына, билимдүү адистерге байланыштуу болот. Сапаттуу  заманбап билим берүү — өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнүн  гаранты, -деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Салтанаттуу аземде жогорку окуу жайынын жетекчилигине музыкалык инструмент алуу үчүн 200 миң сомдук сертификат тапшырылды.