14.06.2018 09:09

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Москва шаарына учуп кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Москва шаарына учуп кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Москва шаарына учуп кетти, Бул тууралуу президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-июнда Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча бир кундук иш сапар менен Россиянын Москва шаарына учуп кетти.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземине катышат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Россиянын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө, анда эки өлкө ортосундагы кызматташуу маселелерин талкууланат.