06.06.2018 19:24

Сооронбай Жээнбеков Кытайга электромобилдерди чыгаруучу биргелешкен завод ачууну сунуштады

Сооронбай Жээнбеков Кытайга  электромобилдерди чыгаруучу биргелешкен завод ачууну сунуштады

Бүгүн, 6-июнда Кытай Эл Республикасына мамлекеттик визит менен барган  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Бул туурасында президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. 

Жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыктын олуттуу маселелери, ар кыл чөйрөлөрдөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жана бардык багыттар боюнча өз ара аракеттешүүнү мындан ары өркүндөтүүнүн келечеги талкууланды.

Си Цзиньпин Кытай Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги алдындагы Кыргызстандын  саясатын мындан ары да колдоону көздөйт деп белгиледи.

«Биз кыргыз-кытай мамилелеринин келечегине оптимисттик көз караштабыз, мен Кытай менен мамилелерди тереңдетүүгө даяр экениңиз тууралуу Сиздин билдирүүңүздү баалайм. Биз жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүүнү, биздин ар тараптуу өз ара аракеттешүүбүз үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү жактайбыз. Мен биздин мамилелердин келечегине оптимизм менен карайм жана кылымдардан берки достуктун духунда биздин элдер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даярбыз».

Президент Сооронбай Жээнбеков бул анын мамлекет башчы катары Кытайга болгон биринчи сапары экенин билдирип, азыркы “жашыл экономикага” өтүү тенденциялары жөнүндө айтып,  Кытай тарапка Кыргызстанда электромобилдерди чыгаруу боюнча биргелешкен заводду ачуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуш кылды.

 «Биздин өлкөбүз кытай электромобилдерин чыгаруу жана Борбор Азия жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоо үчүн плацдарм болуп бермек. Сиздин “Бир алкак – бир жол” демилгеңиздин алкагында аны ишке ашырууга мүмкүн экенин эске алганда биздин ортобуздагы кызматташуунун бул багытын келечектүү багыт деп эсептейм».

Ошону менен бирге Сооронбай Жээнбеков билим берүү тармагында кызматташуу маданий-гуманитардык чөйрөдөгү өз ара аракеттешүүнүн маанилүү бөлүгү экенин баса белгиледи. Мамлекет башчысы Кытайдын жогорку окуу жайларында окууга студенттер үчүн квотаны көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүү өтүнүчүн айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу боюнча Бирдиктүү декларацияга, «Кытай — Кыргызстан» газ түтүгүн куруу жана ишке берүүдө кызматташуу тууралуу макулдашууга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү протоколуна, Кыргызстандын ӨКМине «Мобилдик госпиталды» жеткирүү  долбоорун ишке ашыруу тууралуу  өкмөт аралык  алмашуу катына жана башка документтерге кол коюлду.