14.08.2018 14:10

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстанга барат

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстанга барат

Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстанга мамлекеттик сапары пландалып жатат. Мамлекет башчысынын сапары 23-24-август күндөрү болорун президенттик администрация өкүлдөрү билдиришти. Сапардын программасы, козголчу маселелер тууралуу айтылган жок.

Түркмөн маалымат каражаттарынын жазганына караганда, президент Жээнбеков Түркмөнстандын “Аваза” туристтик аймагында өтө турган Аралды сактап калуу фондун негиздеген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын саммитине катышат.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен 2015-жылы августта келген. Анда Түркмөнстан Чолпон-Ата шаарынан алты гектар жер алып дарыланып, эс алуучу беш жылдыздуу мейманкана салуу тууралуу сөз болгон.