Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнө кеңешчи дайындады

Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнө кеңешчи дайындады

Дастан Догоев Коомдук башталыштагы Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул туурасында президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  кол койгон буйрука ылайык  Догоев Дастан Давлетович коомдук башталыштагы Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалды.

Дастан Догоев 1986-жылы 3-августта Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү.

Билими:

2007 — Лондон Кавендиш колледжинде "Бизнести башкаруу" адистиги;

2008 — Кингстонск университети, бакалавр, "Бизнести башкаруу" адистиги;

2009 —Квалификациясын жогорлатуу максатында "Алдын ала түзүлгөн программа", " ХАССПтын алдын ала беш баскычы", "ИСО 22000-2005тин жети шарттуу процедурасы" курстарын окуган;

Эмгек тажрыйбасы:

2012—2014 — долбоорлорду башкаруу бөлүмүнүн башчысы, Каржы министрлигинин алдындагы "Инфо-система" мамлекеттик ишканасынын мекемени өнүктүрүү жетекчисинин орун басары;

2014 – 2017 —Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары;

22.06.2017 – 14.02.2018 — Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси.