25.12.2019 10:05

Президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйыны саат 11:00дө башталат

Президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйыны саат 11:00дө башталат

Бүгүн, 25-декабрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйыны өтөт.

Президенттин ишмердүүлүгү боюнча өтө турчу басма сөз жыйынына 92 жалпыга маалымдоо каражаттарынан 188 журналист аккредитациядан өткөн. Алардын ичинен 160ы жергиликтүү, 15и чет элдик журналисттер.

2018-жылдагы басма сөз жыйыны 19-декабрда өтүп, журналисттердин көп берген сууроолору мамлкеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов, парламент депутаты, иниси Асылбек Жээнбеков, жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тууралуу болгон.

Анда маалымат жыйынына 85тен ашуун ЖМКнын 175тен көп өкүлү келген.