20.09.2018 14:30

Президент Жогорку Кеңештин колдоосуна ээ болгон талапкерлерди кызмат орундарына бекитти

Президент Жогорку Кеңештин колдоосуна ээ болгон талапкерлерди кызмат орундарына бекитти

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков юстиция министрлигине Марат Жаманкуловду, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагалыгына Эмил Осмонбетовду жана КР өкмөтүнүн аппаратынын жетекчилигине Шамилбек Асымбековду дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 19-сентябрда Жогорку Кеңеш аталган кызмат орундарына талапкерлерди жактырган.