08.10.2018 08:30

Президенттер Жээнбеков менен Путин телефондон сүйлөшүштү

Президенттер Жээнбеков менен Путин телефондон сүйлөшүштү

Сооронбай Жээнбеков Россия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктап, өз өлкөсүнүн жана россиялыктардын жыргалчылыгы үчүн  алдыга белгилеген пландарды ишке ашырууда ийгиликтерди кааалады.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, мурда жетишилген макулдашуулар кандай аткарылып жаткандыгын, ошондой эле ноябрь айында Астана шаарында өтө турган ЖККУ ЖКК сессиясын талкуулашты.

Буга чейин Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге туулган күнүнө байланыштуу куттуктоо телеграммасын жолдогон.