Райымбек Матраимов Кыргызстандан чыгып кеттиби?
![Райымбек Матраимов Кыргызстандан чыгып кеттиби?](/uploads/images/articles/20180725_raimmatraimov.jpg)
Райымбек Матраимов 3-август күнү Бишкек-Москва каттамы менен Кыргызстандан учуп кетти. Мындай маалымат Фейсбуктагы Инсайдер-KG баракчасында пайда болду.
Буга чейин "Райым-миллион" Кыргызстандан чыгып кеткени тууралуу маалыматты өзүнүн Twitter-аккаунтунда жеке ишкер жана бут кийим дизайнери Мээрим Таабалдиева жарыялаган болчу. Анын айтымында, Матраимов экөө бир учакта учушкан.
"Эми "өзүнүн" (бизден уурдалган) акчаларынын баары чыгарылып кеткен соң, "Райым-миллион" өзү из жашырып кетти. Өлкөдөн чыгып кеткенин качкандык катары көрүшпөсүн деп Түркиядан сунушталган кызматты ойлоп табышты. Албетте, Москва - транзиттик өлкө. Уурунун токтой турган жери каяк болду экен? Суроо КР атайын кызматтарына, алар чындап эле Матраимовду камоону каалашкан, бирок "Ак үйдөн" уруксат берилген жок",- деп белгилешти колдонуучулар.
Айта кетсек, Мамлекеттик чек ара кызматынан да, Бажы кызматынан да Матраимовдун өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу расмий маалымат түшө элек.
![Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады](/uploads/images/articles/20210830_20210830_10414458_794648083915.jpg)
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: