30.01.2019 14:26

Райым-миллион кайрадан майлуу ишке келеби?

Райым-миллион кайрадан майлуу ишке келеби?

Ийгилик качып кутулбаган катардагы мамлекеттик кызматкер Раим Матраимов жакында жумшак креслосун кайра ээлечүдөй болуп турат. Бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков "Раим-Миллионду" тажрыйбалуу ишкер жана жакшы кызматкер катары сүрөттөдү.

Ошол эле маалда президент Сооронбай Жээнбеков чуулгандуу аткаминердин үй-мүлкүн текшертем деп, жаңы жыл алдында эле билдирүү жасаган. Андан бери канча убакыт өтпөсүн, ажонун сөздөрү иш жүзүнө ашпаптыр.