26.04.2018 12:07

"Райым-миллион" Сапар Исаковду сотко берди

"Райым-миллион" Сапар Исаковду сотко берди

Бажы кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары Райымбек Матраимов  мурунку премьер-министр Сапар Исаковду сотко берди. Бул туурасында кабарчыларга анын бир тууган иниси – Жогорку Кеңештин депутаты Искендербек Матраимов  билдирди, деп жазат Kaktus.media.

Биринчи май райондук соттон аталган сайтка Матраимов деген жарандан өкмөткө карата доо арыз түшкөнүн тастыкташкан,  бирок анда жоопкер катары Сапар Исаков эмес, өкмөт көрсөтүлгөн.  

Ишти сот Алмаз Калыбаев карайт, өтчү күнү азырынча белгисиз.

Эскерте кетсек, мурдараак эл өкүлдөрү аткаминердин ишин сындап, аны кызматтан алууну талап кылышкан.

Матраимов 2017-жылдын ноябрында ошол кезде өкмөт башчы кызматында турган Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алынган.

Эгерде Райымбек Матраимов аны кызматтан мыйзамсыз кетиришкен деген жүйөө  менен арызданган болсо,  сотто утуп чыккан күнү  өкмөт  аткаминерге  жумуштан бошотулган күндөн тартып, соттун чечими чыккан күнгө чейинки айлык акысын төлөп берүүгө милдеттендирилет.