02.05.2018 11:24

"Райым-миллиондун" доосу боюнча сот иши 10-майга жылды

"Райым-миллиондун" доосу боюнча сот иши 10-майга жылды

Бүгүн, 2-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бажы кызматынын башчысынын  орун басары Райымбек Матраимовдун өкмөткө карата берген доо арызы боюнча соттук иш өтмөк. 

Сот ишинде Алмаз Калыбаев төрагалык кылуусу күтүлгөн. Матраимовдун жактоочусу катары Наталья Карыжинская чыкмак.

Бирок, сотко өкмөттүн жана бажы кызматынын өкүлдөрү келген жок. Андан улам, сот иши 10-майга жылдырылды. 

Эскерте кетсек, бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов 2017-жылдын ноябрында ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаковдун буйругу менен кызматынан бошотулган. Премьер кызматынан кеткен соң, экс-бажычы анын үстүнөн "кызматымдан негизсиз түрдө бошоткон" деген кине менен доо арыз жазганын анын ЖКтеги бир тууган иниси Искендер Матраимов кабарчыларга билдирген. 

Бирок, арызды кабыл алган Биринчи май райондук соту- арыз жеке Исаковдун атына эмес, өкмөттүн атына жазылганын жана 2-майда карала турганын маалымдаган  болчу.