17.12.2019 12:22

#REакция 2.0: Сөз эркиндигин коргоого чакырган каршылык акциясын жамантты көрсөтүү аракети күч алууда

#REакция 2.0: Сөз эркиндигин коргоого чакырган каршылык акциясын жамантты көрсөтүү аракети күч алууда

Социалдык тармактарда #Reакция митингинин катышуучуларын жаманатты көрсөтүү аракети катуу жүрүүдө.

Эске салсак, 18-декабрда кыргызстандыктар Ала-Тоо аянтына чыгып, сөз эркиндигин коргоо максатында #REакция 2.0 деп аталган митинг өткөргөнү жатышат.

Бирок, социалдык тармактарда түрдүү аккаунттардын атынан бул күнү борбор аянтта гей-парад өтөт деген жалган маалымат таркатуу күч алууда.

Каршылык акциясынын уюштуруучулары бул маалымат чындыкка коошпойт, ушактарды тынымсыз таркатып жаткан аккаунттар жасалма экенин белгилешет.

Бул себептүү маалыматты дыкат текшерүүгө чакырышат.