27.11.2019 12:38

#REАкциянын активисттерине тажрыйбалуу юристтер кол сунушат

#REАкциянын активисттерине тажрыйбалуу юристтер кол сунушат

 “Адилет” Укуктук клиникасы” КФнун негиздөөчүсү жана директору Чолпон Жакупова #ReАкция митингинин катышуучуларында юридикалык жактан көйгөйлөрү жаралса, жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

Мындан сырткары Чолпон Жакупова укук коргоочуларга жана митингдин уюштуруучуларына жолугуп, иш планын жана маалымдоонун жолдорун талкуулоого чакырды.

Эске салсак, 25-ноябрда #REАкциянын катышуучулары мурдагы бажычы Раимбек Матраимовдун камалышын, ЖМКларга чыккан коррупция боюнча фактылардын ар тараптуу иликтенишин жана мыйзамсыз чыгарылган баардык акча каражаттарын кайрадан Кыргызстанга кайтаруу талаптарын коюшкан.

Митинг тынч өтүп, башаламандыктар байкалган эмес. Акциянын катышуучуларына башында милиция кызматкерлери келишип, бирок юристтердин түшүндүрмөсүн угушкандан кийин кетип калышкан.

Эске салсак, 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар жарыяланган.