Рейдерлик: "7-канал" боюнча Атамбаевдин жактоочуларынын өтүнүчүн сот четке какты
Бүгүн, 9-январда Бишкек шаардык сотунда Алмазбек Атамбаевдин жактоочуларынын “7-канал” боюнча арызы каралмак. Жыйынтыгында соттук коллегия жактоочулардын өтүнүчүн четке какты.
Эске салсак, экс-президенттин өкүлдөрү мурунку мамлекет башчыга таандык телеканалды рейдерлик менен басып алуу аракети жүрүп жатканын билдирип чыгышкан.
Маалыматка караганда, “7-каналдын” («Канал D» ЖЧКсы) тегерегиндеги соттук териштирүүлөр токтой элек. Мүлктү мурунку ээси Майрамкүл Мамбеталиева аттуу жаран кайра талашып жатат.
Булактар “Апрелге” алып-сатуу келишиминин көчүрмөсүн жана башка документтерди беришкен. Келишимге ылайык, Мамбеталиева аталган каналды 2018-жылдын апрель айында 7 миллион сомго сомго Алмазбек Атамбаевге жана “Апрель” Коомдук фондуна саткан.
Бирок, бир канча убакыт өткөндөн кийин жогоруда айтылган айым сотко кайрылып, келишимди жараксыз деп табуу өтүнүчүн келтирген. Келишимдеги кол тамга жасалма экенин, каналдын сатылып кеткенин билбестигин айткан.
Алмазбек Атамбаев келишимге кол коюлгандан кийин Майрамкүл Мамбеталиевага 6 миллион 300 миң сом төлөп берген. Аны тастыктаган документтин көчүрмөсүн экс-президентке жакын булактар беришти.
Өз кезегинде каналды сатып алган дагы бир тарап “Апрель” Фонду Мамбеталиевага 700 миң сом төлөп берген. Бул каражат сатуучунун эсебине которулган. Аны банктан берилген документтен көрүүгө мүмкүн.
Экс-президентке жакын булактар “7-каналды” рейдерлик жол менен азыркы бийликке жакын адамдар өзүнө тартып алуу аракетин көрүп жатканын билдиришет. Ал эми М. Мамбеталиеваны курал катары колдонуп жатканын айтышууда.
Эске салсак, 2019-жылдын 9-августунда “7-каналдын” («Канал D» ЖКЧсы) мүлкүн КР Аскер прокуратурасы камакка алган. Каналдын Оштогу имараты мөөр менен бекитилген. Ага карабастан, бир нече күн өткөндөн кийин тергөөчүлөр офистин эшигин анын кызматкерлерине ачып беришкен. Көп узабай телеканал ишин жанданткан. Ал эми аталган ЖМКнын редакциялык саясаты толугу менен өзгөргөн.
Бул себептүү Атамбаевдин өкүлдөрү каналды куч менен басып алуу аракети болуп жатканын билдиришет. Айтымдарында Мамбеталиева жогорудан түшкөн буйрутма менен иштесе, соттор саясий заказ аткарышууда.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: