08.01.2020 16:15

Рейдерлик: Алмазбек Атамбаевге таандык "7-каналды" тартып алуу аракети жүрүүдө

Рейдерлик: Алмазбек Атамбаевге таандык "7-каналды" тартып алуу аракети жүрүүдө

Кыргызстанда экс-президент Алмазбек Атамбаевге таандык 7-каналды рейдерлик менен басып алуу аракети жүрүүдө. Бул тууралуу “Апрель” телеканалынын редакциясына мурунку мамлекет башчыга жакын булактардан кабарлашты.

Учурда “7-каналдын” («Канал D» ЖЧКсы)  тегерегиндеги соттук териштирүүлөр токтой элек. Мүлктү мурунку ээси Майрамкүл Мамбеталиева аттуу жаран кайра талашып жатат.

Булактар “Апрелге” алып-сатуу келишиминин көчүрмөсүн жана башка документтерди беришкен. Келишимге ылайык, Мамбеталиева аталган каналды 2018-жылдын апрель айында 7 миллион сомго сомго Алмазбек Атамбаевге жана “Апрель” Коомдук фондуна саткан.



Бирок, бир канча убакыт өткөндөн кийин жогоруда айтылган айым сотко кайрылып, келишимди жараксыз деп табуу өтүнүчүн келтирген. Келишимдеги кол тамга жасалма экенин, каналдын сатылып кеткенин билбестигин айткан.

Алмазбек Атамбаев келишимге кол коюлгандан кийин Майрамкүл Мамбеталиевага 6 миллион 300 миң сом төлөп берген. Аны тастыктаган документтин көчүрмөсүн экс-президентке жакын булактар беришти.

Өз кезегинде каналды сатып алган дагы бир тарап “Апрель” Фонду Мамбеталиевага 700 миң сом төлөп берген. Бул каражат сатуучунун эсебине которулган. Аны банктан берилген документтен көрүүгө мүмкүн.

Экс-президентке жакын булактар “7-каналды” рейдерлик жол менен азыркы бийликке жакын адамдар өзүнө тартып алуу аракетин көрүп жатканын билдиришет. Ал эми М. Мамбеталиеваны курал катары колдонуп жатканын айтышууда.

Эске салсак, 2019-жылдын 9-августунда “7-каналдын” («Канал D» ЖКЧсы) мүлкүн КР Аскер прокуратурасы камакка алган. Каналдын Оштогу имараты мөөр менен бекитилген. Ага карабастан, бир нече күн өткөндөн кийин тергөөчүлөр офистин эшигин анын кызматкерлерине ачып беришкен. Көп узабай телеканал ишин жанданткан. Ал эми аталган ЖМКнын редакциялык саясаты толугу менен өзгөргөн.

Эске салсак, “Апрель” телеканалы дагы Алмазбек Атамбаевге жана “Апрель” Фондуна таандык. Жана дагы деле мөөр менен бекитилген боюнча турат. Кандай гана аракеттерди көрбөсүн “Апрель” телеканалын эфирге чыгарбай коюшкан. Ага карабастан, каналдын кызматкерлери өз ишмердүүлүгүн интернеттеги социалдык тармактарда улантууда.