21.01.2020 15:45

Россия: Өзбекстандык 10 мигранттын жатаканасында өрт чыгып, ажал табышты

Россия: Өзбекстандык 10 мигранттын жатаканасында өрт чыгып, ажал табышты

Орусиянын Томск облусундагы үйдөн чыккан өрт 11 кишинин өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу Тасс маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, каза тапкандардын ону Өзбекстандын жарандары, эмгек мигранттары. Дагы эки адам качып чыгууга үлгүрүшкөн. Учурда аларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, Причулымский айылындагы бул үйдү жыгач иштеткен кытайлык компания ижарага алган. Анда Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кытайдын жарандары, жалпысынан 14 киши жашаган.

Кырсык тууралуу кабар өрт өчүрүү кызматына 21-январда таңкы төрттөрдө түшкөн. Баштапкы маалыматка ылайык, өрт жылытуучу жабдыктан улам башталган.