22.05.2018 14:47

Россияда мунайдын кымбатташы Кыргызстандагы күйүүчү майдын баасына таасир этти

Россияда мунайдын кымбатташы Кыргызстандагы күйүүчү майдын баасына таасир этти

Россиянын мунай базаларында мунайга болгон баа көтөрүлүп, бул Кыргызстандагы күйүүчү майдын баасынын көтөрүлүшүнө алып келди. Мындай маалыматты Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы таратты. 

Маалыматка ылайык, май айында баа кескин көтөрүлүп кеткен. "Үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында Орусиянын мунай базарында баа акырындап көтөрүлүп отуруп, жалпысынан 6% кымбаттаган болсо, май айында эле 10% кымбаттап кетти" деп айтылат маалыматта.

Орусиянын мунай базалары баанын өсүшүн дүйнөлүк базарда мунайдын кымбаттап жатканына байланыштырууда. Маалыматта айтылгандай, акыркы алты жумадан бери дүйнөлүк мунай базарында баа көтөрүлүп отуруп, акыркы 3,5 жылдан бери алгачкы жолу бир баррель мунайдын баасы 80 доллардан ашып түштү.

"Нефтетрейдерлер" ассоциациясы алдыңкы айларда Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 5-10% кымбатташы күтүлүп жатканын эскертүүдө.

Ушул тапта Кыргызстандагы күйүүчү майдын бир литри үлгүсүнө жараша 38 сомдон 46 сомго чейин сатылууда.